Чучук чуусу: чүйгүн тамактан мурдун чүйрүгөн чет элдик жаран депортацияланат

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАэропортко конуп жаткан учак. Архив
Аэропортко конуп жаткан учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыздын чүйгүн тамагы — чучукту жылкынын жыныстык мүчөсү деп айткан "Кумтөрдүн" кызматкери соттун чечими менен өз мекенине кайтарылмай болду.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Сот "Кумтөр" компаниясынын кызматкери Майкл Макфитти депортациялоо боюнча чечим чыгарганын Каракол шаардык соту билдирди.

"Аталган жаранды депортациялоо боюнча соттун токтому чыкты", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандыктарды таң калтырып, чочуткан чет элдик тамактар
Узап кеткен жылдын 30-декабрында алтын кен ишканасынын кызматкери Майкл Макфит социалдык тармакка комбинаттын тамак-аш столунда отурган сүрөтүн жарыялап, аны коштогон кыргыздын улуттук тамак-ашынын бири — жылкынын чучугун аттын жыныстык мүчөсү деп жазган. 

Бул постун Макфит социалдык тармактарда бир топ ызы-чуу жаралгандан кийин өчүрүп, кечирим суроого аргасыз болгон. Аны укук коргоо кызматкерлери "Манас" аба майданынан кармашкан.

Ала арада Макфиттин ата-энеси уулу улуттук тамак жөнүндө оюнда эч арамы жок эле айтып койгону тууралуу билдирүү таратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0