Карашев: Ош — Бишкек унаа жолундагы автотыгындын себепкерлери жазага тартылышы керек

Жазылуу
Учурда бул окуянын материалдарын УКМК карап жатат. Ал эми биринчи вице-премьер жарандарга ыңгайсыздык жаратууга эч кимдин акысы жок экенин белгилеп, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин кошумчалады.

БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 3-январда Өзгөн районунда көк бөрү оюнунан улам жаралган автотыгындын чоо-жайын иликтеп жатканын билдирди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иш учурунда каза болгон НТС оператору "Кыялдар орундалат" программасын тартып жаткан
Маалыматка ылайык, кечээ Дөң-Булак айылынын тургуну Жаныш Ниязов той берип, ат оюндарын уюштурган. Буга үч миңден ашуун адам катышып, мындан улам жүздөгөн унаа автотыгынга тушуккан. Алардын арасында чет өлкөгө уча тургандар да бар экени айтылууда.

Учурда УКМК бул окуя боюнча текшерүү иш-аракеттерин көрүп, ат оюндарын уюштургандарды, стратегиялык трассанын ар убак ачык болушун камсыздоочу кызматкерлердин жоопкерчилигин кароодо.

Биринчи вице-премьер Аалы Карашев жергиликтүү бийлик органдарына жана Ош облустук ИИБге Ош — Бишкек унаа жолунун жабылышы боюнча териштирүүнү тапшырды.

Ал эми Ош облустук ИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине автотыгынга айдоочулардын маданиятсыздыгы себепкер болгонун билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0