Таласта капиталдык курулуш департаментинин жетекчилигине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Башкы прокуратура бала бакча куруу үчүн жарыяланган тендер мыйзамсыз өткөнүн маалымдады. Мында тендердик комиссиянын мүчөлөрү да жоопко тартылары белгилүү болду.

БИШКЕК, 4-янв. – Sputnik. Талас облустук капиталдык курулуш департаментинин жооптуу кызматкерлерине жана тендер комиссиясынын мүчөлөрүнө кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Автоунаанын эвакуацияга даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: сентябрдан берки унааларды эвакуациялоо мыйзамсыз жүргүзүлгөн
Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын 7-июлунда аталган департамент тарабынан Талас районунда 140 орундуу бала бакча куруу боюнча тендер өткөн. Мында тендер комиссиясы курулушка аз суммадагы акча чыгымдай турган ишкананын арызын квалификациялык талаптарга жооп бербейт деп таап, курулуш үчүн көп каражат корото турган башка компанияны жеңүүчү деп тапкан.

Тендердик комиссиянын мыйзамсыз иш-аракетинен улам мамлекетке 4,7 миллион сом зыян келтирилген. 

Бул факты боюнча департаменттин жооптуу кызматкерлерине жана тендер комиссиясынын мүчөлөрүнө "Кызмат абалынан кыянаттын менен пайдалануу" жана "Атайын пайдасыз келишим түзүү" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0