Сариев Күрпсай ГЭСиндеги суунун деңгээлин кɵрдү

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭлектр станция. Архив
Электр станция. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күрпсай ГЭСи – ɵлкɵдɵгү Токтогул ГЭСинен кийинки кубаттулугу боюнча экинчи орунда турган гидроэлектростанция болуп саналат.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Күрпсай гидроэлектростанциясынын техникалык абалы жана андагы суунун деңгээли менен таанышып чыкканын ɵкмɵттүн маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда энергетиктер гидроэлектростанциянын штаттык режимде иштɵɵсү үчүн суунун деңгээлин кармоо керектигин айтышты.

Токтогул ГЭСи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул ГЭСи 2 айда толук калыбына келет
Учурда Токтогул суу сактагычынан келген суу андан тɵмɵн жайгашкан Күрпсай, Шамалдысай, Таш-Кɵмүр жана Үч-Коргон ГЭСтерине агып түшɵт. Бул электр энергиясын жетиштүү түрдɵ ɵндүрүүгɵ багытталган.

Күрпсай ГЭСи – ɵлкɵдɵгү Токтогул ГЭСинен кийинки кубаттулугу боюнча экинчи орунда турган гидроэлектростанция болуп саналат.

Буга чейин ɵкмɵт башчы Токтогул гэсиндеги авариянын кесепеттерин жоюу иштери менен таанышып чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0