Майрамдык дасторкондун көркүн кантип ачыш керек — адистин кеңеши

© Гулдана ТалантбековаАшпозчу ашкабактан гүл кесип жатат.
Ашпозчу ашкабактан гүл кесип жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар түрдүү жер жемиштерди жана мөмөлөрдү кооздоп кесүү көркөм өнөрү карвинг деп аталаары баарыбызга маалым. Бирок бул өнөрдүн чеберлери өлкөбүздө чанда кездешет. Алардын бири Алмаз Жолдубаев. Ал Sputnik маалымат агенттигине тажрыйбасынын айрым сырларын ачты.

Жаңы жылдык тамактарды даамдуу жана түрлүү гана кылбастан, аны көз жоону алдырып суктандыра кооздоо ар бирибиздин максатыбыз. Сиз дагы бул ниетти көздөп жатсаңыз төмөнкү кеңештер назарыңызда.

— Кожейкелерге дасторкондун көркүн ачыш үчүн кандай кеңешиңизди бересиз?

— Карвинг өзү бир топ машакаттуу жана майда жумуш. Оңоюнан баштайлы. Жаңы жылдык дасторконго алманын жардамы менен балатыга илинген тобурчактын элесин түшүрсө болот. Алгач кызыл алманын катуусунан алыңыз. Аны жууп кургатабыз. Алманын баш жагынан эмес түбүнөн каратып алып, майда үч бурчтук кылып кесип баштаңыз. Үч бурчтуктун экинчи жагына өткөндө алманын калдыктары ортосунан түшүп баштайт, аларды чекесинен алып таштайсыз. Ошентип кызыл алманын көрүнүшү жыйынтыгында кызыл ала болуп, куп эле тобурчактын элесин берет. Бул ашып кетсе сизден 15-20 мүнөт убактыңызды алат. 

© Гулдана ТалантбековаСоветы от повара как украсить новогодний стол
Советы от повара как украсить новогодний стол - Sputnik Кыргызстан
Советы от повара как украсить новогодний стол

Кооздук үчүн гүл жасасаңыз болот. Бир басай капустасын аласыз, аны тең ортосунан бөлүп, жарымынын үстүнөн бычак менен жукараак кылып сайып капустанын түбүнө эки сантиметр жеткичекти тилип кескилей бересиз. Баары бүткөндөн кийин капустаны сууга он беш мүнөт сала туруңуз. Жыйынтыгында сиз күткөн ромашка гүл даяр. Эгер бычагыңыздын мизи калың болсо, кадимки консервалык банканы ийип ылайыктуу курал жасап алсаңыз болот.

— Негизги куралдары кайсылар?

Негизги куралы бул Таиланд бычагы. Бул бычактар Кыргызстанда жокко эсе. Ошондуктан атайын буйрутма менен Болгариядан, Германиядан алдырып келгенбиз. Алгач үйрөнөмдегендер жөнөкөй ашканабычагын же кайчыны колдонсо жарай берет. 

— Таиланд бычагынын өзгөчөлүгү эмнеде?

Алар атайын тобу менен болот. Бычактары ар түрдүү, миздери курч. Мисалы кооздук үчүн атайын толкун сымал миздери, чукуганга ылайыктуу учту аспаптары бар.

— Карвингге ыңгайлуу жер жемиштерли санап өтсөңүз?

Чет жактагы мекендештер жаңы жылды кантип тосушат?
— Жайында жана күзүндө бардык жержемиштер жарайт.Мындан картошка, банан, алма көпкө турбайкарайыпкетет.Атайын карайтпоочу каражаттар бар, аларды чачып коюшат. Зыяндуу эмес. Кышкысын ашкабак,сабиз, кызылчаны көп колдонобуз.

— Той-аштарга барганда дасторкон үстүндөгү кемчиликтерди дароо байкасаңыз керек?

— Жоок кайдан. Аны үйдөгү ашкана деп коет да. Менимче өзүңкесипкөйашпозчу болуп алып, бирөөнүн дасторконун сындаганың туура эмес.Эгерде ресторандарга барып калсам, ашпозчулардын эмгектерине сөзсүз көз жүгүртөм.

— Бизге эмне жасап бересиз?

— Ашкабактан гүл жасап берейин. Негизи ашкабактан жасалган карвингдин баардык түрү ийгиликтүү болот. Анткени ашкабак катуу жана карайып кетпейт. Мен өзүм розаны жакшы көрөм. Алар кооз, жасаганга оңой жана тез.

— Гүлдү кооз кылып кескениңиздин сыры эмнеде? Карап отуруп деле үйрөнүп алыш кыйын экен?

— Анын бир гана сыры бар. Сен гүлдүн желекчелирин канчалык бири бирине окшоштурбай, кыйшык кылып кессең ошончолук кооз болот. Себеби жаратылыш өзү ушундай ал идеалдуу эмес. Кулинария да бул өзгөчө бир аалам. Ашпозчулар чыгармачыл адамдар келет. Тактап айтканда сен дайыма изденүүнүн үстүндө жүрүшүң керек. 

— Карвингдин эң оңою жана эң оору канча убакыт алат?

— Тез жасап бүткөн карвинг он беш гана мүнөттү алат. Мисалы алмадан тобурчак, ак куу же тарелкага кооздолуп жасалган тамактын формасы көп убакытты алганы эсимде. Бир жолу ашкабактан жасалган маймылды 8-9 саатта бүткөм. Орточо убактысы эки саат болот.

— Тогуз саат убактыңызды алган кандай маймыл болду экен?

— Ал мечинди мен кинодон (маймылдар планетасы) көрүп калып, жактыргам. Алгач чоң ашкабакты алып башын эле кескилеп жасадым, андан кийин жандуу көрүнүш үчүн ичине шамды жагып койгонбуз. Ал мечин менин жеке фантазиямдан даярдалды. Бул карвингдин скульптуралык түрүнө кирет. Мындайларды адатта көргөзмөгө, кооздук үчүн жасайбыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0