Спорт мектеби жаңы жетекчини күтүп жатат

Жазылуу
Олимпиада резервинин окуу жайы акыркы мезгилде чоң муштум окуучулары менен атагы чыкты. Мындан улам анын мурунку жетекчиси иштен айдалып, жаңы директорго сынак жарыяланган.

БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Мамлекеттик жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги Шералы Сыдыков атындагы республикалык олимпиада резервинин директоруна сынак жарыялады.

Быйыл аталган окуу жайдын тарбиялануучулары бир нече ири жаңжалдын катышуучулары болушту. Октябрда №38 мектепке кол салып, айрым окуучуларды ур-токмокко алышкан. Бул окуядан кийин училищенин ошол кездеги жетекчиси Муратбек Кыбраев кызматынан кеткен.

"Жогорку педагогикалык билим керек. Жалпы иш стажысы беш жылдан, ал эми жетекчи катары үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болушу зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Документтер 29-январга чейин кабыл алынат. Талапка жооп берген жарандар тестирлөөдөн өтүшү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0