Социалдык педагогдор мектептеги зомбулуктун алдын алууну үйрөнүшөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМушташып жаткан адамдар. Архив
Мушташып жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кирип келе жаткан жаңы жылдын январь айында түштүк аймактагы окутуучулар үчүн семинарлар өтөт.

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын социалдык окутуучулары үчүн ЮНИСЕФтин "Зомбулуксуз мектеп" программасынын алкагында семинарлар өтө турганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жашоонун катаал шартына туш келген балдар менен иш алып барган педагогдор мектептеги зордук-зомбулукту аныктоо, каттоо жана эсебин жүргүзүүнү, ошондой эле зомбулукка каршы иш-аракеттердин планын түзүүнү үйрөнүшөт.

"Мында 14-16-январь күндөрү Баткен, 17-19-январда Ош, ал эми 25-30-январь күндөрү Жалал-Абад шаарларында өтөт. Жалпы жонунан семинарга 80 окутуучу катышмакчы", — деп айтылат билдирүүдө. 

Министрлик буга чейин аталган программанын негизинде республиканын 38 мектебинде өткөн долбоордун жыйынтыгы окууларды жайылтууга өбөлгө болгонун белгилейт. Окуудан өткөн педагогдор жазгы каникул учурунда өз аймактарындагы социалдык окутуучулар үчүн семинар өткөрөрү белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0