Сариев жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды

Жазылуу
Бул күндөрү Өкмөт аппаратында жана башка мамлекеттик органдарда жаңы жылдык майрам күндөрү кезмет уюштурулары белгилүү болду.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев алдыдагы майрам күндөрү маданий-массалык иш-чаралардын уюшкандык менен өткөрүлүшүн, ошондой эле коомдук жана өрткө каршы коопсуздукту сактоо чараларын камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Маалыматка ылайык, укук коргоо органдарына шаарлардын борбордук аянттарында, маданий мекемелерде, эс алуу жайларында, соода борборлорунда коомдук тартипти сактоо чараларын, ошондой эле маанилүү стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоону күчөтүүнү милдеттендирди.

Салют. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылда "Ала-Тоо" аянтында 1,5 миң ирет салют атылат
Мындан тышкары, Билим берүү жана илим менен Маданият, маалымат жана туризм министрликтерине кышкы каникул учурунда балдардын маданий эс алуу программасын иштеп чыгуу жана тийиштүү иш-чараларды уюштуруу милдети жүктөлдү. Ал эми Саламаттык сактоо министрлигине эс алуучу жайларды тез жардам берүүчү мобилдүү топтор менен камсыздоосу тапшырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине абалга көзөмөл салуу, өрткө каршы коопсуздук эрежелеринин сакталышы боюнча чараларды күчөтүү, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен биргеликте республиканын бардык ашууларында унаа жолдорунун иштөөсүн камсыздоо тапшырылды.

Жергиликтүү бийлик органдары жана коммуналдык кызматтар бардык коммуналдык-турак-жай чарба тутумдарынын үзгүлтүксүз түрдө иштөөсүн камсыздоосу зарыл.

Өкмөт аппаратында жана башка мамлекеттик органдарда жаңы жылдык майрам күндөрү кезмет уюштурулары белгилүү болду.

Бишкеке мэриясы тарабынан 31-декабрга карата уюштурулган иш чаралар жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0