Панкратов: кийинки жылы электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учурабайт

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЭлектр зымы. Архив
Электр зымы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Панкратов калкка кайрылып, Токтогул ГЭСиндеги кырсыктын кесепети жоюларын, бирок азырынча электр энергиясын этияттык менен пайдалануу керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Электр энергиясын берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн адистер бардык аракетин көрө турганын вице-премьер Олег Панкратов өлкөнүн энергетика компаниялары менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, 23-декабрда Токтогул ГЭСинде болгон авария республиканын энергетикалык системасынын ишин өзгөртүүлөргө учураткан.

"Учурда адистер экинчи гидроагрегатты оңдоп, кырсыктын кесепеттерин жоюп жатышат. Калкты электр энергиясы менен камсыздоо үчүн бардык аракеттер көрүлө турганына ишенем", — деди Панкратов.

Жыйын соңу менен атка минер авариянын кесепетин жоюу үстүндө иштеп жаткан бардык мамлекеттик органдарга Токтогул ГЭСинин кызматкерлерине жардам берүүнү тапшырды. 

Мындан тышкары, Панкратов калкка кайрылып, кырсыктын кесепети жоюларын, бирок азырынча электр энергиясын этияттык менен пайдалануу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0