Кышкы каникулда балдар бош калбайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБалдар сценага чыгууга даярданып атышат. Архив
Балдар сценага чыгууга даярданып атышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылы кышкы каникул 25 күнгө созулат. Бул мезгилде мектеп окуучулары үчүн ар кандай ийрим менен секциялар иштеп, балдар эс алуусун көңүлдүү өткөрүүсүнө бардык шарттар түзүлөт.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев кышкы каникул учурунда мектеп окуучулары үчүн маданий программа уюштурууну өкмөттүн жыйынында тапшырды.

Маалыматка ылайык, балдардын каникул учурундагы эс алуусун вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева көзөмөлдөмөй болду. 

Сариевдин айтымында, бул мезгилде балдар маданий жана спорттук иш-чаралардын программасын иштеп чыгуу керек. 

"Күндүз эс ала турган мектептердин алдындагы лагерлер уюштурулушу зарыл. Буга жергиликтүү бийлик органдары катышуусу керек. Бул ата-энелер үчүн чоң жардам болот", — деди өкмөт башчы.

Быйыл кышкы каникул 31-декабрды башталып 24-январга чейин уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0