Баткендин имамдары эми экинчи айлампа менен окуп баштайт

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүМечитте окутуу. Архив
Мечитте окутуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин да Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарларынын имамдары окуудан өтүп, атайын сертификаттарга ээ болушкан.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Президенттин алдындагы "Ыйман" фонду Баткен облусунун аймагындагы имамдарга эки жумалык окуу курс уюштурмакчы. Буга 200 дин кызматкери катышат. Бул тууралуу Баткен облустук мусулмандар казыятынын маалымат кызматынын жетекчиси Фуркат Авлиёев билдирди.

Мусулман. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кадырбеков: имамдарды окутуудан убакытты, каражатты аябашыбыз керек
"Ыйман" фондунун кызматкеринин айтымында, окутуу курсу ОшМУнун Теология факультетинде 2-январь күнүнөн тарта башталат. 12 күндүк семинарда имамдар акыйда, сөз чеберчилиги, хадис, дин багыттагы мыйзамдар, жаңы технологияларды колдонуу багытындагы билимдерге ээ болушат. Учурда Баткен облустук мусулмандар казыятынын кызматкерлери тарабынан окуу курсуна катышуучулар такталып Лейлек, Кадамжай, Баткен районунан, Сүлүктү жан Исфана ошондой эле Баткен шаарынан катышат. 

Кадамжай жана Кызыл-Кыя шаарынын имамдары буга чейин уюштурулган окуу курсуна катышып, атайын сертификаттарга ээ болушкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0