Ошто тергөө абагында кармалгандар анонимдүү почта аркылуу дооматтарын айта алат

Жазылуу
Тергөө абагынын кызматкерлери доо каттарын ачып окуй алышпайт. Каттар бир жумада бир жолу алынып турат.

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Оштун 5-тергөө абагында кармалгандар үчүн анонимдүү куту орнотулуп, жаза өтөп жаткандар укугу бузулса, дооматтарын жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.

Автоунаа оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турак колониясындагы жарандан унаасын оңдоп берүүнү талап кылган жетекчи камакка алынды
Каттар үчүн үч куту орнотулду. Ош облусу жана Ош шаары боюнча кыйноолорду жана адамдын ар-намысын тебелеген аракеттердин алдын алуу борборунун өкүлү Худояржон Нарматовдун айтымында, июль айынан бери тергөө абактарынан 20га чукул кат келген. Экөө аталган борбордун дарегине болсо, калганы жактоочуларга, сотторго жазылган.

Кутуларга салынган каттарды абак кызматкерлери ачып окуй алышпайт. Доо каттарын бир жумада бир жолу борбордун өкүлдөрү алып кетип турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0