"Ынтымак" жана "Арча Бешик" жаңы конуштарында жарык өчөт

Жазылуу
Жогорку чыңалуудагы "Кыргызская" көмөк чордонунда оңдоо иштери болгондуктан жарык өчүрүлөт.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Бүгүн "Ынтымак" жана "Арча Бешик" жаңы конуштарында жарык өчүрүлө турганын "Түндүкэлектр" ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку чыңалуудагы "Кыргызская" көмөк чордонунда оңдоо иштери болгондуктан жарык өчүрүлөт. Маалыматка ылайык, аталган жаңы конушта эртең мененки саат 9-00дөн 18-00гө чейин жарык жок болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0