Баткендеги медреселерде арабчадан сырткары орус жана англис тилдери кошо окутулуп жатат

© Sputnik / Артем Креминский / Медиабанкка өтүүМечитте баян учуру. Архив
Мечитте баян учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткендеги Кара-Дөбө айылындагы медреседе жалпы жонунан 74 кыздар жана балдар билим алышат.

БИШКЕК, 27-дек. —Sputnik. Баткен облустук мусулмандар казыятына караштуу сегиз медреседе быйылкы окуу жылында "кол өнөрчүлүк", "ашпозчулук" кесиптери, андан сырткары орус, англис тили жана Кыргызстандын тарыхы кошумча окутулуп жатат. Бул туурасында Баткен облустук казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шаардагы мечит, медреселер текшерүүдөн өтүүдө
Ал эми Кадамжай районундагы Кара-Дөбө медресесинде кол өнөрчүлүк, ашпозчулук курстары менен бирге орус жана англис тили сабагы окутулууда. Кыргызстанда орус тили расмий тил жана канча көп тил билүү башка эл менен байланышуу мүмкүнчүлүгүн жаратат дешти диний окуу жайынын жетекчилери.

Аталган айылдагы медресенин директору Исмаил Саиназаров тил билүү балдарга ашыктык кылбай тургандыгын айтты.

"Балдардын аң-сезими жогорулашы керек, сыртка чыгат, башка жактарга барат дегендей. Алар тилди билиши керек. Шаарга барганда же болбосо документтерди толтурганда түшүнсүн деген максатта орус тилин киргиздик", — деди Саиназаров.

Медресе директору эми окуучулар үчүн компьютердик класстарды ачып берүүнү пландап жаткандыктарын кошумчалады.

Учурда аталган диний окуу жайда 14 бала жана 60 кыз окуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0