Дельфинарийге билеттер бүгүнтөн баштап сатыла баштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги дельфинарий. Архив
Бишкектеги дельфинарий. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмө дельфинарийдин ээлери буга чейин белгиленгенден бир күн кеч чыкканын билдиришти.

БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкектеги дельфинарийге билеттер ишембиден баштап сатыла баштайт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Шейшемби күнү борбор калаада биринчи жолу дельфинарийдин ачылышы өтөт. Бардыгы болуп жаныбарлардын оюн-зоогуна төрт дельфин жана бир белуха кити катышат.

"Билеттер дельфинарийдин жанындагы кассаларда сатылат", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Бишкек мэриясы билеттер 25-декабрдан тарта сатыла баштай турганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0