Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейине балаты коюлуп, балдар майрамдады

© Катя УрумкановаИсхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде кароого муктаж жана жетим балдар үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурулду.
Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде кароого муктаж жана жетим балдар үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурулду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик ишмер жыл сайын өз үйүндө балдар үчүн балаты орнотуп, оюндарды уюштуруп, өз колу менен белектерди тапшырып турган.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейинде кароого муктаж жана жетим балдар үчүн Жаңы жылдык балаты уюштурулду. Бул туурасында "Ата Мекен" фракциясынан маалымдашты.

Бул мамлекеттик ишмердин демилгесин "ата мекенчилер" улантты. Исхак Разаков Кыргызстан Компартиясынын биринчи секретары болуп турганда, ар жылы 25-декабрь күнү өз үйүндө балдар үчүн Жаңы жылдык балаты орнотуп, оюндарды уюштуруп жана өз колу менен белектерди тапшырууну салтка айландырган. 

"Раззаковдун үй-музейи бүгүн өзгөчө шаңга толуп, анын көзү тирүүсүндөгү тээ 50-60-жылдарды эске салды. Маркум биринчи секретарь кезинде ар жылы 25-декабрда дал ушул резиденциясына интернаттагы балдарды балатыга чогултуп, маанайын көтөрүп, белек-бечкегин, анан дагы асыл кеңештерин берчү экен", — деп жазылат аталган фракция тараткан маалыматта. 

Бишкектеги ата-энесинен ажыраган балдар чакырылып, аларга жаңы жылдык майрам тартууланды. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев балдарга кыргыздын чыгааны уулу Исхак Раззаковдун ишмерди туурасында кыскача айтып берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0