Турак колониясында жаза өтөгөндөр өндүрүшкө тартылат

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүАбактагы адам кийим тигип жатат. Архив
Абактагы адам кийим тигип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атайын жабдуу Россиядагы заводдон түз алып келинди. Мында чыгымдалган каражат үч эсе үнөмдөлгөнү айтылууда.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. №48 турак колониясында жаза өтөгөн 30 кылмышкер өндүрүш иштерине тартыла турганын ЖАМК билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жарандар жолго төшөлүүчү плита менен бордюр ташын чыгаруу менен алектенишет.

"ЖАМКнын алдындагы "Келечек" мамлекеттик ишканасы Россиядагы заводдон бир сменада 65-75 чарчы метр плита даярдоого мүмкүнчүлүк берген атайын жабдуу сатып келген. Мында жабдуу Кыргызстандагыга караганда үч эсе арзан алынган", — деп айтылат билдирүүдө.

Өндүрүштүн 2016-жылы ишке кирүүсү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0