Чек арачылар кеп маданиятын өздөштүрүп жатат

Жазылуу
Чек ара ведомствосунда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсү иштеп, иш кагаздарын которуу иштери жана мамлекеттик тилди окутуу курстары башталды.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Чек арачылар кеп маданиятын өздөштүрүп жатат, себеби, бул биздин эл менен иштешүүбүздө керек болот деп билдирди мамлекетик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Талайбек Усубалиев"Күч түзүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү деңгээли" деп аталган тегерек стол учурунда.

Мектепте кыргыз тил китеби. - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кыдаалдар министрлигинде мамлекеттик тилди колдонуу маселеси талкууланды
Аталган иш-чарада күч түзүмдөрүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү тармагындагы жетишкендиктер жана мүчүлүштүктөр талкууга алынып, "Кыргыз тили: Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү" жана "Кеп маданияты" деп аталган китептердин бет ачары болду. 

Азыркы тапта чек ара ведомствосунун Борбордук аппаратында мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмчөсү иштеп, иш кагаздарын которуу иштери жана мамлекеттик тилди окутуу курстары башталды.

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой биз кызматыбыздын өзгөчөлүгүнө байланыштуу калк менен ар дайым баарлашып турабыз, ошондуктан чек арачылар үчүн кеп маданияты өзгөчө мааниге ээ жана аны өнүктүрүү зарыл", — деди полковник Усубалиев.

Буга чейин Өзгөчө кырдалдар министрлигинде да мамлекеттик тилде иш алып баруу боюнча маселе көтөрүлүп, ал акырындап ишке аша баштаган. Бул багытта аталган министрлик бир катар талкууларды да уюштурган.

Жаңылыктар түрмөгү
0