Илимдер академиясында Болот Юнусалиев окуулары өтүп жатат

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүКреслодо турган портфель. Архив
Креслодо турган портфель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү илимпоз кыргыз тилинин диалектологиясына салым кошуп, кыргыз жазма адабий тилинин түптөлүшүнө шарт түзгөн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Илимдер академиясында көрүнүктүү лингвист, түрколог, "Манас" эпосун изилдөөчү, коомдук ишмер Болот Юнусалиевге арналган Эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатканын аталган мекеме билдирди. 

Быйыл Илимдер академиясы тил жана адабият жаатында 60 китеп чыгарган
Конференцияга түркиялык, казакстандык жана кыргызстандык окумуштуу лингвисттер катышууда. Анда түркология илиминдеги лексикология жана диалектология маселелери, түркологиядагы тилдин тарыхына тийиштүү маселелер, фольклористика жана Манас таануу проблемасы, адабият таануу жана академик Юнусалиевдин түркология илиминдеги жана кыргыз таануу илиминдеги изилдөөлөрүнүн салымы талкууланып жатат. 

УИАнын вице-президенти, академик Абдылдажан Акматалиев "Бүткүл Союздук "Манас" эпосуна арналган илимий конференция Болот Юнусалиевдин сунушу менен "Манас" эпосунун кошмо вариантын чыгарууну жыйынтыктаганын, катыйжада төрт китеп жарык көргөнүн айтты.

"Аны түзүүгө Аалы Токомбаев, Кубанычбек Маликов, Түгөлбай Сыдыкбеков катышып, Болот Юнусалиев баш сөз жазган. Биз да биринчи, экинчи, үчүнчү томунда тең Юнусалиевдин атын коштук. Болот Мураталиевичтин эмгектери бүгүнкү күнү да олуттуу, ыраактан көрүнгөн аскар тоодой, ал эмгектер келечекте да актуалдуулугун жоготпойт", — деди ал.

Болот Юнусалиев 1913-жылы Чүй облусунда төрөлүп, 1970-жылы дүйнөдөн кайткан. 109 илимий макала жазып, кыргыз тилинин диалектологиясына салым кошкон, кыргыз жазма адабий тилинин түптөлүшүнө шарт түзгөн. Ошондой эле ал фольклор жана "Манас" эпосуна көп көңүл буруп, бир нече эмгектерди жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0