Атамбаев: түркөй муунду өстүрбөө үчүн билим берүүнү жакшыртуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында
Президент Алмазбек Атамбаев маалымат жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчынын пикиринде, түркөйлүк менен терроризмден жаштарды билим берүү гана алып кала алат.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Кыргызстан билим берүү жана дин жаатында бир топ кечигип калды, 20 жыл аралыгында бул маселе менен эч ким кызыккан жок, деди президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгын чыгаруучу маалымат жыйында. 

Президент билим берүү жаштардын түркөй же террорист болушунун алдын аларын белгиледи.

"Биз мектептерди куруп жатабыз, ал эми бул кимдир бирөөлөргө жакпай жатат. Эмне алар алачыкта окусунбу? Балдарыбыз түшүнүксүз агымдардын курмандыгы болбошу үчүн сапаттуу билим берүүбүз керек", — деди өлкө башчы. 

Атамбаев айрым адамдар динди Кудайдан жогору коюп жатканын айтты.

"Бул сабатсыздыктын белгиси. Көптөр Куранды ачкан да эмес. Эки-үч сураны арабча жаттап алышкан. Мындан айрым имамдар менен диний ишмерлер пайдаланууда. Сабатсыздыктан улам Сирияга кетип жатышат. Эч кимди Кудайдан жогору койбош керек. Имамдарды аттестациядан өткөрүп жатканда алардын эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнбөгөн учурлар кездешти", — деди президент.

Атамбаев өлкөдө мындан ары да мектептер салынарын, ал эми мугалимдердин көтөрүлгөн айлыгы мектепте иштөөгө чоң стимул жаратарын эскертти.

Президент Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыгы боюнча өткөрүп жаткан маалымат жыйынын Sputnik сайтынан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0