ӨКМ: Нарында карышкыр кол салган жарандардын абалы туруктуу

Жазылуу
Кырсыктан жапа чеккендер ооруканага жаткырылып, ал эми жырткычтын кесилген башы экспертизага жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Нарындын Өрүк-Там айылында карышкырдын кол салуусунан жабыркаган эки жаран облустук бириктирилген ооруканасынын травматология бөлүмүндө дарыланып жатышканын ӨКМ билдирди.

Капастагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кутурган жаныбарлар тогуз айда 105 кишини тиштеген
Маалыматка ылайык, 22-декабрда эртең менен карышкыр айылга чейин кирип, 55 жана 29 жаштагы эки жаранды тиштеген. Жырткыч 55 жаштагы жаранга эртең менен саат 06:30дар чамасында мектепке от жагуу үчүн бара жатканда кол салган. Ал эми 29 жаштагы жаранды үйүнүн жанынан тиштеген. 

Министрлик учурда жабыркагандардын абалы туруктуу экенин айтууда. Ал эми Нарын райондук ветеринардык башкармалыгынан, агродепартаментинен, райондук ички иштер бөлүмүнөн, санэпидстанциядан, Орток жана Чет-Нура айыл аймактарынан түзүлгөн комиссия Өрүк-Там айылына барып, 23-декабрь күнү жабыркагандар менен байланышта болгон адамдарды жана малдарды вакцинациялоо, ошондой эле тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканы маалым болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0