Бишкек — Жалал-Абад — Бишкек аба каттамы боюнча учуулар жанданат

© flickr.com / Aero IcarusАвиалайнер Boeing 737-300. Архивное фото
Авиалайнер Boeing 737-300. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган багыттар боюнча аба каттамдын жандануусуна президент Алмазбек Атамбаев себепкер болгон.

БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 28-декабрдан тарта Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек аба каттамы жандана турганын Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.

Airbus A330 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Душанбе — Бишкек — Душанбе кошумча авиакаттамы ачылды
Маалыматка ылайык, учуу тилкеси нормадан кыска болгондуктан аэропорт бир канча жыл мурун жабылып калган. Эми учуу тилкеси нормага ылайыкталып узартылды.

Мэриядан маалымдашкандай, аба каттамдардын жанданышына президент Алмазбек Атамбаев түрткү болгон.

Өлкө башчынын жазында Жалал-Абад жана Сузак районуна болгон жумушчу иш сапарынын жүрүшүндө жергиликтүү эл андан аба каттамдарды жандандырууга көмөк көрсөтүүнү суранган. Президент маселени чечүүгө жардам берерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0