Бишкекте акча уурдап кеткен 70 жаштагы пенсионер колго түштү

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүКишенчен киши. Архив
Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй ээси тамдын эшиги талкаланганын көрүп, ичин карап чыккан. Натыйжада ири көлөмдө акча уурдалганы анык болгон.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкекте бирөөнүн үйүнүн эшигин талкалап, ири көлөмдө акча уурдап кеткен пенсионер кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 32 жаштагы тургун жумуштан кайтып келип, сырткы каалгасы талкаланганын, үйдөн акча жоголгонун аныктаган. Милицияга берген арызынын негизинде иликтөө иштери башталган.

Натыйжада аталган кылмышка шектелип, 70 жаштагы карыя кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0