Эксперт бозонун таламын талашып чыкты

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүФестиваль народного творчества в Киргизии "Кыргыз шырдагы"
Фестиваль народного творчества в Киргизии Кыргыз шырдагы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда диний ишмерлер улуттук суусундукка каршы үгүт иштерин жүргүзүп жатышат. Эксперт муну улуттун өзгөчөлүгүн жоготуучу алгачкы кадам деп эсептейт.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Кыргызстанда диний ишмерлер улуттук суусундук болгон бозодон баш тартууга үгүттөп жатышканын Sputnik агенттигине эскперт жана публицист Эсенбек Нурушев билдирди.

"Ал адал буудайдан жасалат. Бирок суусундукка болгон каршылык аныны ачытылышынан улам келип чыгууда", — деп коңгуроо кагат Нурушев.

Эксперт мындай аракеттер улана берсе, жакын арада калпак, кымыз менен шымга да тыюу салына баштарынан кооптонот.

"Динди жергиликтүү шартка ылайыктоо болорун түшүнүү керек. Буга Куран да жол берет", — дейт Нурушев.

Ал мындай тыюу салуулар элдин улуттук өзгөчөлүгүнүн сакталышына коопчулук келтирерин белгилейт.

Жарма жана бозо — кыргыздын улуттук суусундуктары. Касиеттерин жана жасоо ыкмаларын Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0