Айылга кат. Султан Палвандын айылына болгон сагынычы

© фото из семейного архива Султана РаеваСултан Раев апрасы менен. Архив
Султан Раев апрасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир адамдын туулуп, өскөн жери көзгө сүйкүм, жүрөккө жакын, ар дайым өзүнө тартып, сагындырып, эстетип турат… Sputnik маалымат агенттиги айылдан ааламга аттанып кеткен замандаштардын кичи мекенге жазган каттарын жарыялап турууну эп көрдү.

Автор кичи мекенин, ата-энесин, аксакалдарды, байбичелерди, мектепти, көпөлөк кууп ойногон кездерди, алма, өрүк уурдаган учурларды, алгачкы сүйүүнү айтор, баарын эстейт. 

Алгач, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, жазуучу жана драматург Султан Раев алыскы Кара-Суунун Жоош айылына болгон сагынычын жазды. 

— Биздин "Айылга кат" рубрикабызга айлыңыз жөнүндө жазып бересизби? – деди, телефондун ары башындагы кыздын үнү.

— Айылым жөнүндө?.. – ушул суроону кайталадым да, көптөн бери көр турмуштун шары менен эсимден кыйла чыгып бараткан айылымды эстедим. Айылды, картаң апамды, атамды…балагымды… мен тааныган, бирок акыркы жылдары аягы суюлуп бараткан адамдарды… эски тамды…мен…менин бир туугандарым төрөлгөн эски тамды эстедим…

…Эски там…бир кездеги балалыктын тамы… Ушу тамдын астанасынан мага аалам башталган эле… Ал балалыгымдын өзгөчө бир дүйнөсүн каткан ыйык элестей, көкүрөккө жазылып калган купуя ырдай, купуя сырдай келди. Арадан өткөн убакыт да ушу сапар манжа менен саналып өттү…

© фото из семейного архива Султана РаеваСултан Раев атасы Аким менен.
Султан Раев атасы Аким менен. - Sputnik Кыргызстан
Султан Раев атасы Аким менен.

Мындан үч жылдай илгери айылга барсам, ошо биздин эски тамды бузуп… ордуна жаңы там салабыз деп… дубалдарындагы ылай кирпичтерди, тамдан чыккан жыгачтарды бузулган үйдүн алдына тизип коюуптур… Мунун көргөндө жүрөгүмү тытып ийген абалда калдым… Ушул эски там менен кошо жашаган эскерүүлөрдү көкүрөгүмдө үлөштүрө албай кыйналам… Бу үйдүн устунун чоң атам тигип кеткен теректен койгон элек деп калчу чоң энем… Күнгө күйүп таркайып үйдүн алдында турган ошо устун көз алдыма чоң энемди эске салды…чоң энемдин сөзүн эстедим… чоң атамды да… а киши 39-жылы согушка кетип, фин, Холхин-Гол, улуу атамекендик согушка катышып, Берлинге жетип… жеңишке жетип…өзү тигип, өзү устун болот ушу терегим деп кеткен үйгө… ушу эски тамга жетпей калды… 1945-жылы 25-августта Германияда каза болду… "Сиздин күйөөңүз Аданов Рай немецтердин калдыгы менен кармашып жатып, баатырларча курман болду" деген жүрөктөй болгон кагазды чоң энем көпкө катып жүрдү… ал кагаз кийин окулбай да калды…

Лондон шаарындагы Биг Бен сааты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Султан Раевдин "Жан жаза" романынын бет ачары Лондондо өтөт
…Эски там биздин айылдагы эң эски тамдардын бири эле… Бу тамды бузуп ордуна жаңы там тургузабыз деген ой көптөн бери жүргөн… Бирок, минтип бизге айтпай бузуп салганы… жүрөгүмү жыртып ийгендей болду…Бузулган тамдын ылай кирпичинин да, жыгачынын да, эскирген шифринин да биз үчүн өз баяны, өз тарыхы бар эле… Анын ар биринде эскерүүнүн үзүк-үзүк тагдыры жатат… Киндигибиз да ушу тамда кесилген…

Негедир бу там алыста жүргөнүмдө дамамат түшүмө кирчү… Америкада окууда жүргөнүмдө да бу там түшүмөн кетпей койду… Мен тамды, там мени сагындыбы… дайыма түшүмө кирчү…Эсимде балалык кезде көргөн түшүм…Ошо күнү денем ысып, ысытмалап чыккам түнү бою… Мен кичинекей кезде энемдин жанында жатчумун… Түшүмдө Күндү кармап алыпмын, колумда кадимки эле Күн, кудум эле чоң шардай кармап алыпмын… артыман айылдаш балдарым баары чурулдап эрчип алган… Бир маалда колуман Күндү учуруп жибердим… Күн менен кошо өзүм да ойгонуп кеттим…Көзүмү ачсам караңгы, энем мени байкай коюп, уйкусу ачылып кетти…

— Эне, дедим. – Мен түшүмдө Күндү кармап алдым… Кадимки эле Күндү дедим…

— Укта, кайдагы Күндү айтып жатасың… Күндү кармаш кыйын…Күн алалыста-алыста деп, — сөзүмө маани бербей тескери бурулуп жатты. А, мен дагы көзүмдү жумуп, Күн тууралуу түшүмдү улантайын дедим… Күн түшүмө кирбей койду… Арадан көп жылдар өткөндө жазылган "Күн кармаган бала" повестимдин финалы да ушинтип бүткөн…

…Айыл ааламдын босогосу. Адамдык өмүрдүн узак-узак жолдору да анын чаң жолдорунан башталат. Атам өмүр бою ушу айылда почточу болуп иштеди. Аты – Аким. Апам талаада, пахтачылыкта иштеди. Аты – Марапат. Сегиз баланы өстүрдү. Жөнөкөй адамдардын таржымалы эки сөз менен гана айтылат. Эки сапка баткан өмүрдө мен үчүн түбөлүктүүлүктүн аңызы жаткандай сезилет.

Энеге болгон кусалык: кыргызстандык аял өз апасын 38 жылдан кийин тапты
Айыл да адамдай, мезгил өткөн сайын өзгөрүлөт… Бирок, ар бир адамга ал тууралуу эскерүү гана өзгөрүлбөйт болуу керек деп болжойм. Анткени, адамдык жүрөгүбүздүн жартысы дайыма ушул айылда жашайт. Шаарда аң-сезим өмүрдүн көпчүлүгү өтсө да, мен өзүмдү айылдыкмын деп эсептейм… Качандыр бир убакта кайрылып келээр туурубуз да айыл, өмүр башатыбыз да айыл…

Досум Керим Тураповдун жаңы ыры чыккан… айыл жөнүндө…айылдагы балалык өткөн эски там жөнүндө…Бул ырдагы бир сап ар бир айылдыкмын деген адамдын жүрөгүн булкуп кетет…

"Суранам, эски тамды сатпагыла…" деген сап. Анткени, ал там тагдырдын тамы…

Мен өзү ыр жазбайм. Бузулган эски тамды көрүп, а тууралуу ыр жазгам…

Эски там. Эски элес, жыртылат боз чүпүрөк,
Эсимде калган ойлор, көөдөндө бүшүркүрөп,
Эзилген Күн куруттай эзгилеп сайып турат…
Эсеңгир элестерим. Жоголгон эски тамда.
Эсимде ойлор бозгун. Боз ала, чачкын дүйнө,
Барагы бүктөп салган,
Жоготтум, балалыкты,
Күндөрдү. Күнгө күйгөн элес чырак,
Бүлбүлдөп өчүп барат, каректин үзүгөндөй,
Ысык жаш,
Коюу түтүн. Тезек жыт балалыгым,
Көкүрөк уюп калган. Жүрөктүн толтоосунда,
Камчынын учу тийген,
Балалык кызыл шыйрак,
Эски там. Эски элестей… 

…Убакыт, айыл, ата-энебиз түк өчпөгөн эскерүүдөй көкүрөктө уюп келет, анткени, ошол эскерүүдө өзүбүз да жашайбыз…

Жаңылыктар түрмөгү
0