Министрлик мыкты дил баян жазган окуучуларды аныктады

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүОрто мектепте окуучулар дил баян жазып жатышат. Архив
Орто мектепте окуучулар дил баян жазып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынак үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып 31-октябрга чейин жүргөн. Атайы комиссия түзүлүп, окуучулардын эмгеги тыкыр көзөмөлдөн өттү.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Окуучулар арасында "Мээримдүү Жер эне" темасына дил баян жазуу боюнча жарыяланган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталганын Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мыкты дил баян жазууга кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдүү мектептердин 8-11-класстарынын окуучулары тартылган. Сынак 1-июлдан 31-октябрга чейин созулган. 

Дүйнөлүк билим олимпиадасында кыргызстандык окуучу мыктылардын үчилтигине кирди
Атайы түзүлгөн комиссия биринчи орунду Ивановка айылынын №1 мектебинин окуучусу Нуриза Камчыбекова, Ош шаарынын №5 мектебинин окуучусу Тохир Исмаилжонов жана Бишкектеги №33 мектептин окуучусу Касиет Абдылдаева бөлүп берди. Ал эми экинчи орунду Кочкор районундагы Дөң-Алыш орто мектебинин окуучусу Бегайым Нурлан кызы, Баткен облусундагы Андарак мектебинде окуган Дурдона Исмонова жана Ош шаарынан Азиза Исаходжаевалар ээлешти. Үчүнчү сапка Ош шаарынын №19 мектебинин окуучусу Ирода Алимова, Баткен шаарынан Уулжан Абыталиева жана Бишкектеги №69 мектептин окуучусу Күмүшай Нурдинова чыкты.

Иш-чарада жеңүүчүлөр менен алардын мугалимдери баалуу байгелер менен сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0