Милиция жаңы жыл алдында пиротехника сакталган жайларды текшерүүдө

Жазылуу
Бекитилген эрежелерди бузган жарандарга бир миң сомдон 10 сомго чейин айып пул каралган.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Шаардык милиция жаңы жыл майрамынын алдында пиротехникалык заттар сакталган жайларды текшерүү боюнча иш-чараларды өткөрүп жатканын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздук инспекциясы жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен бирге жүргүзүлүп, базарларда жайгашкан кампалар, контейнерлер жана атайылаштырылган дүкөндөр көзөмөлгө алынууда.

"Эреже бузган соодагерлер административдик жазага тартылып, миң сомдон 10 миң сомго чейинки айып пул салынат. Идентификациялык белгилери жок, мөөнөтү өткөн, бузулган же пайдалануу инструкциясы жазылбаган "жардыргычтарды" сатууга тыюу салынат", — деп айтылат билдирүүдө.

Мында милиция кызматкерлери жардыргычтарды эрежеси менен пайдалануу, эл көп чогулган жерлерде колдонбоо, балдарга дайым көзөмөл кылуу жана адамдар турган жакка же көп кабаттуу үйлөрдү каратып жардырбоо керектигин эскертет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0