Балдардын мектептеги коопсуздугу боюнча көп берилүүчү суроолор

© Фото / СебатМектеп окуучулары. Архив
Мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектеп окуучулары менен алардын ата-энелеринин укуктары жана милдеттери жөнүндө Sputnik материалынан окуңуздар.

Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгы шаардын бардык мектептери үчүн "Жалпы билим берүү мекемелеринде текшерип-өткөрүү тартибин күчөтүү чаралары жөнүндө" жана "Башталгыч класстын окуучуларын коштоп жүрүү жөнүндө ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүү жөнүндө" буйрук чыгарды. Буйруктун чоо-жайын Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фатима Алымбекова түшүндүрүп берди.

Мектептерди кайтаруу менен ким алектенет?

Ким менен келишим түзүлсө, ошол кызматкерлер. Мектепте текшерип-өткөрүү тартиби үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:

  • Мектептин директоруна (же анын ордундагы адамга);
  • Коопсуздук кызматынын (КК) кызматкерине (келишим болсо).

Текшерип-өткөрүү тартибин мектеп боюнча буйрук менен дайындалган адамдар көзөмөлдөй алат.

Мектепке качан жана кантип кирсе болот?

Окуучулар, кызматкерлер жана келүүчүлөр мектептин имаратына борбордук эшик аркылуу киришет. Ал жумушчу күндөрү окуу башталгандан 15 мүнөттөн кийин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү дайыма жабык болушу керек. Борбордук эшикти көрсөтүлгөн убакытта коопсуздук кызматынын гана кызматкерлери ача алат.

Мектепте кандайдыр бир пропусктук тартип барбы?

Имаратка окуучулар эркин кирет. Нөөмөтчү класстын окуучулары мектептин имаратына сабак башталардан жарым саат эрте, калгандары сабактын расписаниеси боюнча кире алат. Айрым учурларда директордун буйругу боюнча сабактар экинчи (жана андан ары) сабактан башталышы мүмкүн, бирок бардык учурда окуучулар мектепке сабак башталарга 15 мүнөт калганда келиши керек.

Капельница ооруканада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте окуучу газ баллон чачып, кош бойлуу мугалим менен балдар ооруканага түштү
Сабакка олуттуу себепсиз кечиккенде окуучулар мектепке нөөмөтчү администратордун же класс жетекчинин уруксаты менен кирет. Окуучулар сабактар бүткөнгө чейин мугалимдин, дарыгердин же администрациянын өкүлүнүн жеке уруксаты менен кете алат. Жооптуу адамдар ата-энелерге бала мектепти олуттуу себеп менен таштап кеткени жөнүндө маалымдайт. Окуучулардын дене тарбия, эмгек сабактарына, экскурсияларга чыгуусу мугалимдин коштоосу менен гана болушу мүмкүн. Ийримдердин, секциялардын жана башка топтордун мүчөлөрү класстан сырткаркы жана сабактан сырткаркы иш-чараларды өткөрүү үчүн мектепке сабактардын расписаниесине жараша жана мугалимдин коштоосунда киргизилет. Сабактардан кийинки кошумча сабактарга окуучулар мектеп боюнча нөөмөтчүгө же күзөт кызматкерине мугалимдин берген расписаниеси боюнча келет. Каникул учурунда окуучулар мектепке окуу жайдын директору тарабынан бекитилген каникулдагы иш-чаралар планына ылайык киргизилет.

Директор жана педагогдор мектепке кайсы эрежелер боюнча келишет?

Мектептин директору, анын орун басарлары, администратор, катчы жана башка кызматкерлер мектепте каалаган убакта, ошондой эле дем алыш жана майрам күндөрү боло алат.

Педагогдорго окуу процесси башталардан 15 мүнөт эрте келүү кеңеш кылынган. Мугалимдер, администрация мүчөлөрү айрым ата-энелер менен пландалган жолугушуулардын убактысы, ошондой эле ата-энелердин чогулуштарын өткөрүү убактысы жана жери жөнүндө күзөт кызматкерине алдын ала эскертүүгө милдеттүү. Башка кызматкерлер мектепке директор тарабынан бекитилген тартипке ылайык келишет. 

Ата-энелер үчүн кандайдыр бир чектөөлөр барбы?

Мектепке бара жаткан окуучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте ата-энелерди баласын мектеп босогосуна чейин жетелеп келүүгө милдеттендиришет
Ата-энелер ким экенин тастыктоочу документтерин көрсөткөн учурда мектепке киргизилиши мүмкүн. Мугалимдер менен ата-энелер сабактардан кийин же өзгөчө жагдайларда танапис учурунда жолугушат. Мугалимдер же мектептин администрациясы менен жолугушуу үчүн ата-энелер ККнын кызматкерине, нөөмөтчү администраторго өзү бара жаткан мугалимдин же администратордун аты-жөнүн, өз баласынын атын, ал окуган классты билдирет. ККнын кызматкери же нөөмөтчү администратор бул жөнүндө келүүчүлөрдү эсепке алуу журналына жазуу киргизет.

Ата-энелерге мектепке чоң сумкалар менен келүүгө уруксат берилбейт. Аларды ККнын кызматкеринин постунда калтыруу зарыл. Ата-энелердин мектепке администраторго жеке суроолору менен кайрылуусу алдын ала макулдашуунун негизинде болот. Мектепке ата-энелердин пландалбаган келүүсү учурунда нөөмөтчү администратор алардын максатын аныктап, имаратка администрациянын уруксаты менен гана киргизет. 

Мектепке бара жаткан же андан кайтып келе жаткан башталгыч класстын окуучуларын кантип көзөмөлдөө керек?

Өз балдарын тоскону келген ата-энелер аларды көчөдө же мектепте нөөмөтчү администратордун постунун жанында күтүп турушат. Мектептин жетекчилиги башталгыч класстын (1-4-класстар) ата-энелери (же мыйзамдуу өкүлдөрү) менен баланы мектепке сабактарга коштоп келүү жана сабактан кийин үйгө коштоп баруу жөнүндө келишим-милдеттемеге кол коёт. Биринчи класстын окуучулары үчүн окуу жылы ичинде класс жетекчиси менен ата-энелердин чогулушунда директордун буйругуна ылайык макулдашылган өткөрүү тартиби орнотулат. 

Мектептин аймагында кайсы бир унаа тура алабы?

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети жашар баланы өлтүргөн жексур камакка алынды
Автоунааны мектептин аймагына токтотуп коюуга тыюу салынган. Шашылыш жана авариялык кызматтардын: медициналык тез жардам, өрт күзөтү, РИИБ автоунаалары гана мектептин администрациясы чакырган учурда эч чектөөсүз киргизилет.

Эгер жалпы билим берүүчү уюмдун аймагында же түздөн-түз жакын жерде узак убакыт шек жараткан унаа каражаттары турса, өткөрүү тартибине жооптуу кызматкер бул жөнүндө мектептин директоруна билдирет. Зарылчылыгына жараша жалпы билим берүүчү уюмдун жетекчиси менен макулдашып, РИИБнын нөөмөт бөлүмүнө кабарлайт. 

Баланы уурдатуудан кантип сактануу керек бул жөнүндө Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0