ЖАМК: учетто турган 476 жаранга мунапыс берилди

© Sputnik / Олег Пашук / Медиабанкка өтүүАялдар колониясы. Архив
Аялдар колониясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялдарга жана жашы жете элек өспүрүмдөргө мунапыс берүүнү демилгелеген мыйзам үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда чыккан.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрына карата соттун токтому менен учетто турган 476 жаранга мунапыс берилгенин Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) билдирди.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын абактарында 1,5 миң кыргызстандык жаза өтөөдө
Маалыматка ылайык, мында 99 аял менен жашы жете элек 18 өспүрүм эркиндикке чыкса, калгандарынын жаза өтөө мөөнөтү кыскарган.

Мунапыска кабылган жарандарды жайгаштырып, иш менен камсыз кылуу үчүн ЖАМК мекемелери алардын жашаган жериндеги ички иштер бөлүмдөрүн жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн кабардар кылат. 

ЖАМК Аялдарга жана өспүрүмдөргө карата мунапыс жараяны 24-декабрга чейин аяктай турганын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0