Япония Көк-Арт көпүрөсүн оңдоого каражат бөлө турган болду

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКуруучу. Архив
Куруучу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган көпүрө мындан 46 жыл мурда курулган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 20 жылдан бери оңдоп-түзөлбөгөн "Бишкек — Ош" автожолундагы Көк-Арт көпүрөсү гранттын эсебинен жасала турган болду. 

Бишкектин 7,3 чакырым жолуна кытайлыктар 528 млн. сом сарптады
Ага каражатты Япония Эл аралык кызматташтык агенттиги бөлө турган болду. Парламентте каралган гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзамдын долбоору добуш берүүгө жиберилди. Бул туурасында парламентитн маалымат кызматы билдирди.

"Бишкек — Ош" автожолу жолу эл аралык маанидеги жана өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген жол. Көк-Арт дарыясынан өтүүчү көпүрө 1969-жылы курулган, акыркы 20 жылда капиталдык ремонт жүргүзүлгөн эмес.

Гранттык макулдашуунун шарттары боюнча Япония Эл аралык кызматташтык агенттиги — 7 млрд. 439 млн. сом өлчөмүндө грант берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0