Борбордук Ала-Тоо аянтына коюлган балаты текшерилүүдө

© Ажар АлапаеваБорбордук Ала-Тоо аянтына коюлган балаты.
Борбордук Ала-Тоо аянтына коюлган балаты. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы жылдын башкы симвлолу болгон балатынын бийиктиги 25 метр.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Бишкек шаарынын коммуналдык кызматы башкы балатыны курап бүтүп, ага жарык беришти.

Борбордук аянтка балатыны орнотуу ишемби күнү 12-декабрда башталган. Анын бийиктиги 25 метр. Быйылкы балаты жасалма жана ал Кытайдан алып келинди. 

© Ажар АлапаеваУстановка главной елки страны на площади Ала-Тоо
Установка главной елки страны на площади Ала-Тоо - Sputnik Кыргызстан
Установка главной елки страны на площади Ала-Тоо

Мэриянын маалымат кызматы азыр балатыга берилген жарыктар сыналып жатканын билдирди. Ага азырынча жаңы жылдык оюнчуктар илине элек. Балатыга ою формасындагы оюнчуктар да илинет.

Балатыга 64 миң лампа жарык берип, кооздугун арттырат. Балатынын расмий ачылышы 19-декабрда ишемби күнү болот, ага шаар башчы Кубанычбек Кулматов катышат. Ошондой эле, балатынын ачылышы майрамдык концерт менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0