Бишкектин жети көчөсүнө жарык коюлду

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкектеги жарык берилген көчө. Архив
Бишкектеги жарык берилген көчө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалдык ишкана бардык иштер белгиленген мөөнөттөн эрте бүткөрүлгөнүн белгилөөдө.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. "Бишкекжарык" муниципалдык ишканасы шаардын жети көчөсүнө жарык коюу иштерин аягына чыгарганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Киев, Юнусалиев, Ахунбаев, Анкара, Бөкөнбаев көчөлөрүнүн жана Чүй, Жибек Жолу проспектилеринин айрым бөлүктөрү жарыктандырылды.

Ишкана бардык иштер мөөнөтүнөн эрте аткарылганын белгилейт. Ал эми жыл аягына чейин Тоголок Молдо көчөсүн жарыктандырууну бүткөрүү каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0