Президент башы чоңоюп кеткен ымыркайдын дарылануусуна акча бөлдү

Жазылуу
Эки жашар Рахманберди гидроцефалия дартына чалдыккан. Ал мээдеги суюктуктун көбөйүшүнөн баштын көлөмүнүн чоңоюп кетишин шарттайт.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Таласта гидроцефалия дарты менен жабыркаган эки жашар Рахманбердини дарылоодон өткөрүү үчүн атасы Алмасбек Рысбаевге 100 миң сом өлчөмүндө каражат бөлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Президент террорчуларды жок кылууда жарадар болгон жоокердин дарылануусуна акча бөлдү
Буга чейин айрым маалымат каражаттарында Таластын Кара-Суу айыл аймагына эки жаштагы Рахманбердинин катуу дартка чалдыкканы жазылган. Баланын эки айынан баштап башы өсүп кеткен. Медиктер ал гидроцефалия дартынан жабыркарын аныкташкан. Маалыматка ылайык, бул мээдеги суюктуктун көбөйүшүнөн баштын көлөмүнүн чоңоюп кетишин шарттайт.

Мамлекет башчы материалдык жардамдан тышкары, Саламаттык сактоо министрлигине эки жаштагы Рахманбердиге медициналык жардам көрсөтүү маселесин өзгөчө көзөмөлгө алууга тапшырма берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0