Кыргызстанга 125 кг героин киргизген Түркиянын төрт жараны жазага тартылды

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүГероинди изилдөө лабораториясынын кызматкери. Архив
Героинди изилдөө лабораториясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиялык жарандар эмерек ташуу шылтоосу менен Кыргызстанга ири көлөмдө баңгизат алып киришкен. Сот аларга карата эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарды.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Биринчи Май райондук соту тарабынан Кыргызстандын аймагына жалпы жонунан 125 килограмм героин алып кирген түркиялык жарандарга карата эркинен ажыратуу жана мүлкүн конфискациялоо чечими чыкканын Жогорку сот билдирди.

Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кылмышка шектелип жаткан жарандардан баңгизат табылды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-мартында УКМК кызматкерлери Бишкектин аскер бөлүктөрүнүн биринен "ДАВ" үлгүсүндөгү унаанын кузовуна орнотулган жашыруун жай аныкташкан. Текшерүү маалында андан жалпы салмагы 125,55 килограмм героин табылган.

Төртөө тең Түркия жарандары болуп саналат. Баңгизатты жашыруун алып кирүү үчүн унаага сатуу үчүн эмерек жана матрастар жүктөлгөн. Жүк Түркия — Иран — Түркмөнстан — Өзбекстан — Тажикстан — Кыргызстан маршруту боюнча келген. 

"Аталган баңгизат алдын ала сүйлөшүү менен Кыргызстандын аймагына Мехмет Атабан, Невруз Ертосун, Фикрет Ертосун жана Салман Ертосун аркылуу кирген", — деп айтылат билдирүүдө. 

Биринчи Май райондук соттун чечиминин негизинде мүлктөрүн конфискациялоо менен Невруз Ертосунду 19 жылга, Фикрет Ертосунду 21 жылга, Мехмет Атабанды 23 жылга кести. Төртүнчү жаран Салман Ертосун жүктү Өзбекстанга чейин жеткирип, Кыргызстандын аймагына кирген эмес. Кылмышкерлер күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясында жаза өтөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0