"Электр станциялары" ишканасында авариялар эки эсе азайды

Жазылуу
Ишкананын курамына жети ГЭС, эки ТЭЦ жана Токтогул суу сактагычы кирет.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. "Электр станциялары" ишканасынын филиалдарында былтыркыга салыштырмалуу авариялар 50 пайызга азайганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, "Электр станциялары" ишканасына Ата-Башы, Күрп-Сай, Камбар-Ата, Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч-Коргон ГЭСтери, Бишкек жана Ош ТЭЦтери менен Токтогул суу сактагычы кирет. 

Быйыл негизги жабдуунун бузулушу дээрлик катталган эмес.

"Бул калкты электр энергиясы жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түздү", — деп айтылат билдирүүдө.

Бардык пландаштырылган ремонт иштери аягына чыккан. Мындан тышкары, каржынын жоктугунан токтотулган бардык курулуштар 2015-жылы жанданган. Алардын ичинде Токтогул жана Ат-Башы ГЭСтерин реабилитациялоо каралган. Аталган объектилерди оңдоо иштери кийинки жылы да улантылары белгилүү болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0