Өлкөнүн балатысын "Ала-Тоо" аянтына орнотушууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери.
Ала-Тоо аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу иштери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы коюла турчу балаты мурдагыларга караганда жазы жана бийик болот. Быйылкы балаты жасалма, ал 7-10 күндүн ичинде куралып бүтөрү айтылууда.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу башталганын Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу башталды
1/2
Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу башталды
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаңы коюла турчу балаты мурдагыларга караганда жазы жана бийик болот.
2/2
Жаңы коюла турчу балаты мурдагыларга караганда жазы жана бийик болот.
1/2
Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында жаңы жылдык балатыны орнотуу башталды
2/2
Жаңы коюла турчу балаты мурдагыларга караганда жазы жана бийик болот.

Буга чейин маалымдалгандай жаңы жылдык балаты Кытайдан алынып келмек. Бул балаты мурдагыларга караганда жазы жана бийик болот. Бирок, жасалма болгондуктан бир жуманын ары-бери жагында куралып бүтөт.

"Жасалма балатынын бийиктиги 25 метрге жетет. Ага дароо эле гирлянддар жана башка күйүп туруучу оюнчуктар илинет", — деп мэриядан билдиришти.

Майрамга карата борбордук аянтты шөкөттөө иштери жүрүп жатат. Ал эми өлкөнүн башкы балатысы 19-декабрда күйүзүлөт. Учурда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын жана Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын алдына балатылары коюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0