БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвили Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевди Грузияга чакырды. Бул тууралуу эки президенттин Ашхабад шаарындагы жолугушуусу учурунда белгилүү болду.
Атамбаев кечээ иш сапары менен Түркмөнстанга жөнөп кеткен. Өлкө башчы борбор калаа Ашхабад шаарында "Нейтралитет саясаты: Тынчтык, коопсуздук жана өнүгүү үчүн эл аралык кызматташуу" конференциясына катышып, грузиялык кесиптеши менен жолугушту.
Иш-чарада Кыргызстан менен Грузиянын эки тараптуу мамилелери талкууланып, Маргвелашвили Атамбаевди иш сапары менен өз өлкөсүнө келип кетүүсүн өтүндү.
Өз кезегинде Атамбаев ар бир жолугушуу жакшы маанайда өтөрүн белгилеп, кесиптешинин чакыруусун кабыл алды.
Өлкө башчылары кыргыз-грузин мамилелерин өнүктүрүүнү келечеги кең экенин белгилешти.