Сариев: 66 өлкө менен түзүлгөн визасыз режим жоюлбайт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Каракол шаарындагы республикадагы туризм тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйында
Премьер-министр Темир Сариев Каракол шаарындагы республикадагы туризм тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында кышкы сезонду расмий ачып, Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу айтты.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын 66 өлкө менен визасыз режими жокко чыгарылбай турганын премьер-министр Темир Сариев Каракол шаарындагы республикадагы туризм тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйында билдирди.

Өкмөт башчы акыркы учурда визасыз режим киргизилген өлкөлөр менен бул режимди жоюу тууралуу талкуулар болуп жатканын белгилеп, өкмөт бул режимди жойбой турганын белгиледи.

"Кыргызстан туризм тармагын өнүктүрүү үчүн 66 өлкө менен визасыз режим киргизген. Алардын баары өнүккөн өлкөлөр болуп саналат. Дүйнөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу аталган өлкөлөрдөн келген жарандарга укук коргоо органдары көзөмөлдү күчөтөт. Бирок визасыз режим жоюлбайт", — деди Сариев.

Премьер-министр Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн шарттарды жакшыртып, электрондук визаны киргизүү каралып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0