Сариев: аскерлер арасында мыйзамсыз аракеттерди жоготуу керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Темир Сариев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алды.
Премьер-министр Темир Сариев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алууда армиядагы моралдык-психологиялык абалдагы кемчиликтерди жоюу зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Армиядагы тартипке өзгөчө көңүл буруп, аскерлер арасында уставдык эмес мамилелерди толугу менен жок кылуу керектигин премьер-министр Темир Сариев Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Марат Кенжисариевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчы аталган комитеттин алдында Куралдуу күчтөрдүн жеке курамынын жана материалдык-техникалык сапатын жакшыртуу боюнча чоң жоопкерчилик турганын билдирди. Премьер-министр армиядагы тартипти күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолду.

"Армиядагы моралдык-психологиялык абалда бир катар кемчиликтер кетип, айрым аскерлер өз өмүрүнө кол салууга чейин барган учурлар катталууда. 2014-жылы 7 аскер өз жанын кыйса, быйыл бир жоокер каза болду. Ошондуктан, тартипке өзгөчө көңүл буруп, аскерлер арасында уставдык эмес мамилелерди толугу менен жок кылуу тапшырмасы турат", — деди Сариев.

Болочок чек арачыларды психологдор текшерет
Ошондой эле премьер-министр аскер жетекчилеринин арасында командирлердин жоопкерчилигин күчөтүү жана жоокерлердин аскердик-саясий даярдыгын жогорулатуу тапшырмасын берди.

Өз кезегинде Кенжисариев учурда жарандарды аскерге чакырууда психологиялык саламаттыгы жана даярдыгына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын баса белгилеп, аскер бөлүктөрүндө тамак-аш камсыз кылууну аутсорсингге өткөрүү каралып жатканын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0