Быйыл алты миңге жакын киши дааватка чыккан

© flickr.com / Al Jazeera EnglishМусулмандар. Архив
Мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ИИМ үйлөрдү кыдырып, эшиктерди такылдатып жүргөн дааватчылар кооптуу болушуна эч ким кепилдик бере албай тургандыгын айткан.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Быйыл алты миңге жакын кыргызстандык дааватка чыккан деп билдирди Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы.

Мечиттеги адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Муфтият дааватчыларды коргоп чыкты
Бул тема социалдык тармакта талкууланып, ага байланыштуу Ички иштер министрлиги аталган багыттагыларга мүнөздөмө берген. Анда дааватчылардын кооптуу болушу мүмкүн деген маалыматтар айтылган.

Муфтият өлкө ичиндеги аймактарда жана Бишкек шаарында 664 жамаат даават кылгандыгын маалымдады.

Муфтият андан сырткары бир жыл ичинде жашоочуларга бир канча иш-чараларды, 

имамдарга, журналисттерге лекцияларды өткөргөндүгүн билдирди.

"Радикализм менен күч колдонулган экстремизмге кантип каршы күрөшүүнүн жол жоболорун үйрөткөн жана алардын салттуу дин боюнча билимин жогорулаткан окууга 575 имам катышты. Андан сырткары медреселердин 920 окуучусуна 18ге чукул лекциялар, окутуулар уюштурулду ", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары өлкө боюнча массалык түрдө мектеп окуучулары, студенттер жана жаштар үчүн экстремизм, терроризмге ыктаган уюмдарга азгырылып кетпөөгө, алардан сак болууга чакырган жолугушуулар өтүп жаткандыгын билдиришкен. Мындай максаттагы иш-чаралар 350 жолу жасалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0