Алайдагы ишканалар зилзаладан эшикте калган апага үй салып жатышат

© Шумкарбек ПайзиевЫкыбал Самиеванын үй-бүлөөсүнө курулуп жаткан үй.
Ыкыбал Самиеванын үй-бүлөөсүнө курулуп жаткан үй. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыкыбал Самиева чиедей неберелери менен таалаада калганын буга чейин Sputnik маалымат агенттигине билдирген.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Алайдын Арпа-Тектиринде зилзаладан улам үйү жараксыз болуп, неберелери менен эшикте калган 64 жаштагы Ыкыбал Самиевага жергиликтүү мекеме-ишканалар үй тургузуп берүүдө. Бул туурасында Sputnik маалымат агенттигине Алай районунун акиминин милдетин аткаруучу Мамашарип Мусаев кабарлады.

"Алайдагы жети ишкана-мекемелердин аракетинен улам, төрт бөлмөлүү үйдү тургузуп, чатырын жаап бүттүк. Усталардын акысы 130 миңге бааланып, курулуш материалдарынын наркы 700 миң сом болду. Үстү жабылып, ичи шыбалып бүттү. Ички шыбак, пол төшөө иштерин жыл аягына чейин бүтүрүп, Жаңы жылда аларды жаңы үйгө киргизебиз деген ниеттебиз", — деди Мусаев. 

Зилзала: кара-суулуктар каңырыгы түтөп, арпа-тектирликтер айласын таппай отурат
Анын айтымында, үйдүн 80 пайызга жакыны бүтүп калды. 

Sputnik маалымат агенттиги 20-ноябрда чиедей неберелери менен таалаада калган Ыкыбал Самиева менен сүйлөшкөндө, айласыз абалда тургандыгын айткан эле.

2015-жылдын 17-ноябрында түнкү саат он бир жарымдарда Ош облусунун аймагында жер титиреп, эпицентринде күчү 7 баллга жеткен. Анын кесепетинен улам, жүздөгөн үйдө жашоого мүмкүн эмес. Бул турак-жайлардын адам өмүрүнө жараткан коркунучу төртүнчү жана бешинчи даражада деп бааланарын ӨКМ билдирген болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0