Россиялыктарга Түркиядан турак-жай сатып алууга тыюу салуу сунушталууда

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүРоссиялыктарга Түркиядан турак-жай сатып алууга тыюу салуу сунушталууда
Россиялыктарга Түркиядан турак-жай сатып алууга тыюу салуу сунушталууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ленинград облусунун мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Владимир Петровдун айтымында, убактылуу тыюу салуу россиялыктарды Түркиядан жагымсыз окуяларга кабылуудан коргойт.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Ленинград облусунун мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Владимир Петров россиялыктарга бир жылга чейин Түркиядан үй сатып алууга, же аны ижарага алууга тыюу салууну сунуштап жатат. Эгер мыйзам бузгандар болсо, аларга 150 миң рублдан кем эмес айып салуу керектигин айтканын РИА Новости "Известия" гезитине шилтеме берүү менен билдирди.

Россиянын Сириядагы аскердик операциясын француздардын 77 пайызы колдойт
Документке ылайык, административдик мыйзам бузуулар боюнча Кодекске "Россиянын жарандарын Түркиядан үй сатып алуусуна же ижарага алуусуна тыюу салуу жөнүндө" берене менен толуктоо сунушталууда. Эреже бузгандарга 150 миң рублдан 300 миң рублга чейин айып салуу каралууда.

Депутаттын айтымында, бул мыйзам долбоору россиялыктардын чет жактагы мүлктөрүн коргоого багытталган.

"Су-24 учагы менен болгон окуя түрк бийлигинин ДАИШ террордук уюмуна жана Россиянын Сириядагы күрөшүнө болгон мамилесин көрсөттү. Биздин жарандардын кыймылсыз мүлктөрүн тартып алышы мүмкүн экенин эстен чыгарбоо керек. Түркиядагы үйүн же батирин саткандардын акчасы террористтердин чөнтөгүнө кетиши ыктымал", — дейт Петров.

Россия менен Түркиянын мамилеси 24-ноябрда орустардын Су-24 учагын түрктөрдүн F-1 учагы атып түшүргөндөн кийин солгундап кеткен. Орус президенти Владимир Путин бул аракетти "далыга сайылган бычак" катары сыпаттаган. Бул окуядан кийин Россия улуттук коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жана Түркияга карата атайын экономикалык чараларды көрүү боюнча буйрукка кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0