Бишкектин 7,3 чакырым жолуна кытайлыктар 528 млн. сом сарптады

© пресс-служба мэрии города БишкекРемонттон кийин ачылган жол.
Ремонттон кийин ачылган жол. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын Жукеев-Пудовкин, Ауэзов жана Махатма Ганди көчөлөрүндө эки катмар асфальт төшөлүп, тротуарлары түштү. Ремонтко 528 миллион сом жумшалган.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Бишкекте Кытай грантынын эсебинен оңдолуп бүткөн Жукеев-Пудовкин, Ауэзов жана Махатма Ганди көчөлөрүнүн ачылышы болуп өткөнүн мэрия билдирди.

Борбор калаанын вице-мэри Бакытбек Дүйшөмбиев долбоорду ишке ашырууга көмөк көрсөткөн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.

Ремонт иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталган. Үч көчөгө тең эки катмарлуу асфальт төшөлүп, тротуарлар түштү. Оңдоодон өткөрүлгөн көчөнүн жалпы узундугу 7,31 чакырымды түзөт. Жалпы жонунан долбоорду ишке ашырууга 44,66 миллион юань же 528 миллион сом короду.

Жаңылыктар түрмөгү
0