Атамбаев менен УКМК төрагасы улуттук коопсуздук маселесин талкуулады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алуу учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алуу учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМК төрагасы президентке терроризмге каршы иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, улуттук коопсуздук маселесин талкуулады. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Атамбаев: эл өлкөдө "кол тийгис" чиновниктер жок экендигине ынана баштады
УКМК жетекчиси президентке улуттук коопсуздук, анын ичинде терроризмге жана экстремизмге каршы күрөш жаатындагы көрүлүп жаткан комплекстүү чаралар туурасында маалымат берди.

Сегизбаев терроризмге каршы иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында баяндады.

Президент жана УКМК төрагасы өлкө жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында террористтик, экстремисттик, ошондой эле алар менен байланышта болгон уюмдардын ишмердигин аныктоо жана тыюу салуу боюнча мындан аркы чараларды талкуулады.

Жаңылыктар түрмөгү
0