Депутаттар маркумду узатуу боюнча мыйзам долбоорун талкуулады

Жазылуу
Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен сөөк коюуга жерлер акысыз берилери такталды.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары сөөк көмүү боюнча мыйзам долбоорун талкуулап, аны 3-окууда добуш берүүгө жөнөттү.

Чек ара көзөмөлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутат террористтерден улам визасыз режимдин зарылдыгын карап чыгууну талап кылат
Сунушталган мыйзам долбоору КРда сөөктү көмүү жана сөөк коюу иши чөйрөсүндө коомдук мамилелерди тартипке келтирүүгө багытталган. Анда сөөктү жашыруу, анын ичинде маркумду көмүү же сөөктү көмүүгө жөлөк пул берүү, жерди акысыз негизде берүү кепилдиктери каралган. Санитардык жана экологиялык талаптарды эсепке алуу менен сөөк коюу иштерин уюштуруу маселелерин карайт.

Мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен сөөк коюуга жерлер акысыз берилери такталды.

3-окууда мыйзам долбоорун Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин төрагасы Садык Шер-Нияз алып чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0