Министрлик менен ведомстволор балдар үчүн жаңы жылдык оюн-зоок уюштурат

© Sputnik / Табылды КадырбековОркестр из Санта-Клаусов в Бишкеке. Архивное фото
Оркестр из Санта-Клаусов в Бишкеке. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан үч жыл мурун өкмөттүн токтому менен ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер, жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланган мекемелер ар бир министрлик менен ведомствого бекитилип берилген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Вице-премьер Гүлмира Кудайбердиева министрлик менен ведомстволорго бекитилип берилген социалдык мекемелерде тарбияланган балдар үчүн жаңы жылдык оюн-зоок уюштурууну тапшырды. 

Бишкек мэриясынын жаңы жылдык балатысы Кытайдан чыгып, жолдо келе жатат
Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген наристелер, жетим жана кароосуз калган балдар тарбияланган мекемелер 2012-жылдан тарта министрлик менен ведомстволорго бекитилип берилген. 

Кудайбердиева мамлекеттик органдардын жетекчилери менен өткөрүлгөн жыйында аталган категориядагы балдар коомдун аялуу катмарына кирерин белгилеп, 30-31-декабрь күндөрү алар үчүн жаңы жылдык майрам өткөрүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0