БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жараксыз метрикалардын даярдалышы боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан 2012-2013-жылдары берилген туулгандыгы тууралуу күбөлүктө микротекст менен бланктын аталышында ажырым аныкталган. "Туулгандыгы тууралуу" деген бөлүктө микрошрифт менен кыргыз жана орус тилдеринде "Никелешүү тууралуу күбөлүк" деген сөздөр жазылган.
Мындай документ менен Россияга сапар алган кыргызстандык жарандар көптөгөн тоскоолдуктарга туш болушкан. Күбөлүктөгү дал келбестиктен улам Россиянын аэропортторундагы чек ара көзөмөлү жарандарды өткөрбөй, артка кайткан учурлар болгон. Айрым кыргызстандыктар узак убакытка чейин балдары менен аэропорттон чыга албай калышкан.
Текшерүү маалында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз келишимдин негизинде "Триада-Принт" ишканасынан жараксыз 40 миң күбөлүк сатып алганы аныкталган. Алдын ала божомолдоолор боюнча мындан мамлекетке 600 миң сом зыян келтирилген.
Учурда аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан мекеменин жетекчилигине карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.