Бычакталган Маликовду ооруканадан Коргоо кеңешинин катчысы көрүп кетти

Жазылуу
Маликовго кол салгандар ошол эле күнү Кордайга чыгып, андан ары Түркияга учуп кетүүгө үлгүргөн.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров кылмышкерлердин кол салуусуна дуушар болуп ооруканада жаткан белгилүү аалым Кадыр Маликовдун абалын көрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Колония. Архив - Sputnik Кыргызстан
БП: Маликовго кол салгандарды Түркиядан экстрадициялоо боюнча документтер келе элек
Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында "Асанбай" кичи районунун аймагынан дүкөндөн чыгып келе жаткан Маликовго кол салуу болуп, анын мойну менен бет жагына бычак уруп кетишкен. Натыйжада теолог оор абалда ооруканага жеткирилип, ага шашылыш түрдө операция жасалган.

Жумакадыров теологдун ден соолугун сурап, мамлекет экстремизм жана терроризм менен күрөшүүдө алдыңкы эксперттер менен кызматташууга ишеним артарын белгиледи.

"Учурда Түркиядан кармалган кылмышкерлерди Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилип, окуяга тиешеси барларды аныктоо иши жүрүп жатат. Кызматташуубузду улантабыз деп ишенем. Коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Президент тарабынан тийиштүү тапшырмалар берилди", — деди ал. 

Жумакадыров Маликовго болгон кол салуудан кийин дароо укук коргоо органдары тарабынан аны коргоо боюнча иш-чаралар көрүлгөнүн белгиледи. 

Коргоо кеңешинин катчысы Маликовго тез сакайып кетишин каалап, президент Алмазбек Атамбаевдин атынан дарыланууга 50 миң сом тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0