Жумгалда Мыскал Өмүрканованын айкели тургузулду

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде белгиленип жатат. Анын алкагында өзү туулуп-өскөн Жумгал районунун Баш-Кууганды айылындагы маданият үйүнүн алдына ырчынын комуз кармап отурган эстелиги тургузулду.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Эртең, 8-декабрь күнү атагы алыска кеткен улуу ырчы Мыскал Өмүрканованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөрүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Улуу манасчы Саякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин эстелиги "Манас айылында" ачылат
Маараке улуттук филармониянын чоң залында саат 15.00дө белгилүү режиссер Темир Бирназаров тарткан "Мыскал эже" аттуу даректүү тасма менен башталат. Салтанаттуу иш-чара ири программадагы концерт менен коштолмокчу.

Быйыл Мыскал Өмүрканованын 100 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде белгиленип жатат. Анын алкагында салтанаттуу азем Сокулук районунда, өзү туулуп-өскөн Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында жогорку деңгээлде белгиленип, айылдын маданият борборуна Мыскал Өмүрканованын ысымы ыйгарылды. Имараттын алдына ырчынын колуна комуз кармап элге таазим кылып турган эстелиги тургузулду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0