Жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн 1 млн. сом жана 52 миң доллар чогулду

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЖер титирөөдөн кыйраган үй. Архив
Жер титирөөдөн кыйраган үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик органдар, бюджеттик уюмдар, жеке компаниялар, элчиликтер жана жеке жактар акчалай жардам көрсөтүшүүдө.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Ошто жер титирөөдөн жапа чеккендер үчүн атайын эсепке 33 миллион 947 миң 878 сом жана 52 миң 180 доллар чогулганын ӨКМ билдирди.

Жер титирөөнүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Азербайжан жер титирөөдөн жабыркаган Ош облусуна дээрлик 1 млн. долларлык жардам берет
Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы атайын эсеп зилзала болгондон кийин премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен ачылган. 

Учурда Кыргызстандын булуң-бурчунан жардамдардын келүүсү уланып жатат. Мамлекеттик органдар, бюджеттик уюмдар, жеке компаниялар, элчиликтер жана жеке жактар акчалай жардам көрсөтүшүүдө.

Атайын эсепке акча каражатын которуу үчүн Алмаз Эргешов менен 0 (770) 02-20-22, 0(312) 54-79-01 (Бишкек), 0 (3222) 2-22-39 (Ош) телефондору боюнча байланышса болот.

Гуманитардык жана товар-материалдык жардам көрсөтүү үчүн Арсланбек Айдаров менен 0 (772) 00-69-82, 0 (312) 29-11-51 (Бишкек), 0(3222) 7-24-70 (Ош) телефондору аркылуу байланышууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0